БОКСИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:57, 14 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОКСИ́Т (фр. baхite, Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидроксидинен (35–85%), чопо менен карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний жана титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоо тек. Бокситти түзүчү минералдарга диаспор, бемит, гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. кирет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоо тектердин латериттик талкалануу процессинен жана көл менен деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет өлкөлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) ж. б. жерлерде бар. Боксит – алюминийдин негизги кен ташы (кара: Алюминий кен таштары). Ошондой эле ал боёк, цемент жасоодо жана металлургия менен нефть өнөр жайында пайдаланылат.