БОЗУЧУК
БОЗ-УЧУК , Н о в о в о з н е с е н о в к а – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Боз-Учук айыл өкмөтүнө караштуу. Боз-Учук суусунун жана Кара-Кол – Сары-Жаз автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору КарКол шаарынан 21 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 253 км. Калкы 3152 (2005); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, дарыкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, Боз-Учук соода-өндүрүш фирмасы, сүт заводунун бөлүмү, маданият үйү, клуб бар. Кыштакка жакын «Алтын булак» жылуу суу менен дарылануучу жай иштейт.