БОЗЕМЧЕК-КАБАСАЙ ЖЕЗ ЖАНА ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 14 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ ЭМЧЕК-КАБАСАЙ ЖЕЗ ЖАНА ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абат облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан түндүк тарапта, Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталында, Каба суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1700–2300 м бийиктикте. Кен 9–12-кылымдан белгилүү. 1951–1966-жылдары геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын таш көмүр мезгилинде пайда болгон доломит менен акиташ теги жана эффузия тоо тектери, каледондун гранит интрузиялары түзөт. Кен таш халькопирит, пирит, борнит, галенит, сфалерит ж. б. сульфиддерден түзүлүп, интруринен түзүлгөн. Тоонун түштүк капталы каксоо; тик капталдуу аскалардын этегинде, эшилген шагыл кумдарда баялыш, чекенде, түндүк капталында (3200–4000 м бийиктикте) кара-күрөӊ топуракта каракыяк, теӊир тоо бетегеси, шыбактуу доӊуз сырты, жылгын ж. б., андан жогору (4000–4300 м) субальп жана альп өсүмдүктөрү (бетеге, Теӊир-Тоо чыйпылдагы, таракбаш, боз терескен, кылкандуу күдүү, айгыржыгар ж. б.)өсөт. Жайыт.