БОЗ-ЭМЧЕК – КАБА-САЙ ЖЕЗ ЖАНА ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ
БОЗ-Э́МЧЕК – КАБА-САЙ ЖЕЗ ЖАНА ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан түндүк тарапта, Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталында, Каба суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1700–2300 м бийиктикте. Кен 9–12-кылымдардан белгилүү. 1951–1966-жылдарда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын таш көмүр мезгилинде пайда болгон доломит менен акиташ теги жана эффузия тоо тектери, каледондун гранит интрузиялары түзөт. Кен таш халькопирит, пирит, борнит, галенит, сфалерит ж. б. сульфиддерден түзүлүп, интрузия менен карбонат тектеринин кошулган жерлеринде пайда болгон скарндарда же акиташ тектериндеги жаракаларда жайгашкан. Алар негизинен гранат-волластонит жана гранат-пироксен скарндарына топтолгон. Кен таштуу скарн катмарлары түндүк-чыгыштан түндүк-батышты көздөй 10 кмден ашык аралыкка созулат. Кендеги жездин орточо кондициялык өлчөмү 1,1%, коргошундуку 4% жана цинктики 4,3%, алтындыкы 1,93 г/т, күмүштүкү 13,2 г/т. Кен герцин металлогениялык доорунда пайда болгон. Кен таштын жалпы ресурсу 21792 миӊ т. Пайдалуу компоненттердин ресурсу: жездики – 243401 т, алтындыкы – 5623 кг, күмүштүкү – 38 т.тттттт