БОЗ ТОПУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:56, 14 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ ТОПУРАК – субтропик тилкелериндеги чөл, жарым чөл жана талаа зоналарында кездешүүчү топурак тиби. Көбүнчө Америка, Австралия, Афганстан, Борбордук Азия жана Кавказда кездешет. Кыргызстанда Ош облусунда, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө кеӊири таралган. Ал боз, нукура боз жана коӊур боз түстүү болуп үчкө бөлүнөт. Анын курамын чиринди, СО2 карбонат туздары түзөт. Кээде шор жана шортоӊ (шакардуу) келет. Андан арылтуу үчүн илимий жактан негизделген агротехникалык чараларды колдонуу зарыл. Бул топуракта азык-зат элементтери азыраак, ошондуктан аларга минерал жана органикалык жер семирткичтерди өлчөмү менен чачуу керек. Боз топурактуу жерде пахта, тамеки, кант кызылчасы, жүгөрү, эгин жана жашылча-жемиштер, ошондой эле токой өсүмдүктөрү жакшы өсөт.

Ад.: Почвы Киргизии. Ф., 1966; Розанов Б. Г. Почвенный покров земного шара. М., 1977.