БОДУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 14 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОДУН – кыргыз, түрк жана уйгур мамлекеттериндеги социалдык катмар. Орхон-Енисей жана Турфан жазууларында «калк»; «букара»; «эл», ошондой эле «калайык калк» жана «карапайым калк» деген да маанисин туюнтат. Күлтегин эстелигинде: «түрк бектери жана бодун (карапайым калк) аны уккула», – деп айтылат. Руникалык эстеликтерде байкалгандай Бодун аталышы этностук топту белгилеш үчүн да пайдаланылган. Ошол эле Күлтегин эстелигинде «Өзүм тардуш бодун [га] (элине) шад болчумун», – деп айтылат. Айрым жазма булактарда «бодун будун» деп, кош аталыш түрүндө жазылат жана ал «тургундар» маанисин туюнтат. Кыргыздарга тиешелүү рун эстеликтеринде «будун» деген аталышта кездешет. Мындан тышкары кыргыз эпитафияларында «кара будун» аталышы арбын колдонулуп, ал элди үндөө же чакырык маанисинде айтылчу «калайык калк»; «жумурай журт» деген түшүнүктөргө дал келет. М. Кожобеков.