БОДИБИЛДИНГ
БОДИБИ́ЛДИНГ (англ. вody – дене жана building – куруу), к у л ь т у р и з м – адамдын булчуӊдарын өрчүтүү максатында чыӊоочу шаймандар (гантель, штанга ж. б.) менен жасалуучу физикалык көнүгүүлөр тобу. Ал денени чыӊдоочу массалык жана спорттук болуп эки түргө бөлүнөт. Байыркы Грекияда кул ээлөөчү доордо эле (биздин заманга чейин VI – I кылымдарда) пайда болгон. XIX кылымдын аяк ченинде спорттун түрү катары Америкада, Европада, кийинчерээк Россияда өнүгө баштаган. Бодибилдингдин максаты – булчуӊдарды өрчүтүү жана адамдын дене булчуӊдарын рельефтүү, кооз калыптандыруу. Бодибилдинг менен машыга баштаганда спортчу өзүнүн салмагын, боюнун узундугун, төшүнүн кеӊдигин, мойнунун, белинин, далысынын, жоон санынын, балтырынын жоондугун жана көөдөн кеӊдигин өлчөөсү керек. Ар бир эки айда көрсөткүчтөрү текшерилет. Бодибилдиг менен машыгууда атайын

ыкмалар да болот. 1968-жылы Эл аралык федерациясы түзүлгөн. Бодибилдинг боюнча эл аралык, дүйнөлүк мелдештер өткөрүлөт.