БОДИ-АРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 14 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ДИ-АРТ (англисче bady art – дене искусствосу) – 1960-жылы калыптанган авангардизм багыты. Өз денесин мезгилдин окуяларына же «акцияга» багытташкан. Боди-арт өкүлдөрүнө (В. Аккончи, К. Берден, Б. Маклин, Б. Науман, Ж. Пане, Р. Шварцкоглер жана башкалар) ар кандай манипуляциялык жолдор менен ийкемдүү-ритмикалык же «үрп-адат, салт» белгилери мүнөздүү болгон. Бул акцияларга (ачык эротикалык, кээде өзүн өзү кыйноо) адамдын денесин коомго байланыштырып, шарттуу белги катары түшүндүрүшкөн. Боди-арт атайын фото жана видеоциклдерге түшүрүлүп, авангарддык модага (бул элементтерге – татуировка, пирсинг жана башкалар кирет) таасир эткен, кара: Видео-арт.