БОГДО-Г~ГЭН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 14 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ГДО-ГЭГЭН (моӊголчо богдо – өтө касиеттүү, ыйык; гэгэн – жарык) – Моӊголиядагы лама чиркөө башчысына ыйгарылуучу наам. Ламаизм дини үстөмдүк кылган мезгилде, 17-кылымдын орто ченинде жогорку лама иерархы тарабынан кабыл алынган. 1641-жылы Ундур-гэгэн (1635–1724) биринчи Богдо-геген болуп жарыяланган. Тышкы Монголия автономия болуп турган учурда (1911–1919) акыркы сегизинчи Богдо-геген Чжемцзундамба-хутухта (1870–1924) анын теократиялык башкаруучусу болгон. Моӊгол элдик революциясынан (1921) кийин анын укугуна чек коюлган (чечүүчү роль элдик өкмөттүн колунда болгон). 1924-жылы Чжемцзундамба-хутухта Богдо-Геген өлгөндөн кийин Моӊголия Эл Республикасы болуп жарыяланган.