БЛАНШИРЛӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 13 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛАНШИРЛӨӨ (фр. blanchir – агартуу, кайнак сууну жаба куюу) – 1) т а м а к-а ш ө н ө р ж а й ы н д а – мөмө жана жашылчаны ысык сууга чайып алуу. Бланширлөө аларды карарып кетүүдөн сактайт, мөмө клеткасына канттын молекулаларынын сиӊиши менен кыям кайнатууну тездетет. Бланширлөө мейиз даярдоодо, вино жасоодо бышкан жүзүмдү солутуу үчүн колдонулат. Бланширлөөдө солутуу процесси 2–3 эсе кыскарат; 2) т е р и ө н д ү р ү ш ү н д ө – теринин ички бетин тери астындагы клетчаткадан (май, чел) тазартуу. Бланширлөөдөн кийин теринин ички бети (бахтарма) абдан тегизделет. Теринин калыӊдыгын тегиздөөдөн, жылмалоодон кийинки кемчиликтери бланширлөө менен жок кылынат.