БИССЕКТРИСА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИССЕКТРИ́СА , б у р ч т у н б и с с е к т р и с а с ы (би… жана лат. seco – жара бөлөм, кесем) – бурчтун чокусунан чыгып, аны теӊ экиге бөлүүчү түз сызык. Анын каалагандай чекити бурчтун жактарынан бирдей алыстыкта турат. Үч бурчтуктун Биссектрисасы – ички бурчтун карама-каршысындагы жактарды анын каптал жактарына пропорциялаш кесиндилерге бөлүүчү түз сызык. Биссектрисанын бир учу бурчтун чокусунда жатат, экинчи учу үч бурчтуктун жактарын кесип өтөт. Үч бурчтуктун Биссектрисалары ичтен сызылган айлананын борборундагы чекитте кесилишет.