БИСКАЙЯ БУЛУӉУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИСКА́ЙЯ БУЛУӉУ Атлантика океанында, Франция менен Испаниянын жээгинде. Аянты 200 миӊ км2. Узундугу 400 км, тереӊдиги 5120 мге чейин. Луара, Гаронна дарыялары куят. Катуу шамал тез-тез болуп турат. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 7 мге чейин). Балык (сардина, анчоус) кармалат, устрица промысели иштейт. Башкы порттору: Бордо (Франция), Сан-Себастьян, Бильбао (Испания).