БИРЮКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРЮ́КОВ Пётр Филиппович (1912-жылы туулган, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка кыштагы – 1979, ошол эле жерде) – механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1929-жыл Ысык-Ата районундагы Фурманов атындагы

коммунада тракторчу болуп иштөөдөн баштаган. 1930-жылдан Краснореченск МТСтин тракторчулар бригадасынын бригадири, механик, МТСтин директору. Анын бригадасы тейлеген «Красный путь», Ленин атындапгы колхоздо 1947-жылы 65 га аянттагы канткызылчасынын ар гектарынан 427,5 ц түшүм жыйнаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.