БИРОБИЖАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:41, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРОБИЖА́Н (Бира жана Бижан дарыяларынын атынан) – Россия Федерациясындагы шаар (1937-жылдан). Еврей автономия облусунун административдик борбору. Бира дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 67 212 (2025). Темир жол тоому. Машина куруу («Дальсельмаш», күчтүк трансформатор заводдору), жеӊил (трикотаж, кийим тигүү, бут кийим), жыгаччылык өнөр жайы өнүккөн. Край таануу музейи, педагогикалык институт, 2 театр бар. 1928-жылы Тихонький темир жол бекетинин ордуна пайда болгон.

Шаардын жалпы көрүнүшү.