БИРИККЕН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:59, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИККЕН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бириккен кыштагынан 1,2 км батышта, Бириккен сайынын боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1145–1247 м бийиктикте. Кен 1985-жылы чалгындалган. Пайдалуу кум-шагыл катмары антропоген мезгилиндеги аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Шагыл жакшы жумуруланган гранит, гранит-сиенит, диорит, акиташ жана кумдук тектеринин сыныктарынан турат. Гранулометриялык курамында кесек шагыл – 32,33%, шагыл – 51,48%, кум – 14,61%ке чейин. Шагылды талкалап майдалагандан кийин бетон куюуга пайдаланса болот. Запасы А категориясы боюнча 866 миӊ м3, В–1777 миӊ м3, С1 – 4816 миӊ м3.