БИРИНЧИМАЙ 3
БИРИНЧИ МАЙ, Т у ю к б о г о ш т у – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу. Туюк богошту суусунун (Ат-Башы суусунун сол куймасы) оӊ өйүзүндө, деӊиз деӊгээлинен 2306 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 30 км түштүк чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Кыштак 1934-жылы негизделген. Калкы 1001 (2004); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, мед пункт, китепкана бар.