БИРИНЧИМАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – Чүй обл-нун Ысык ата р-нундагы кыштак. Нурманбет айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кант ш-нан 8 км, Ивановка темиржол бекетинен 9 км. Деӊиз деӊг. 860 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1143 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет.