БИРДИК (Ысык-Ата районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:52, 11 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Бирдик айыл округуна караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 15 км түндүк тарапта. Деӊиз деӊгээлине 700 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2331 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо, китепкана бар.