БИРДЕЙ БӨЛҮШТҮРҮҮ ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 11 май 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДЕЙ БӨЛҮШТҮРҮҮ ЗАКОНУ – статистикалык физиканын теоремасы. Термодинамикалык теӊ салмактуулук абалындагы статистикалык система үчүн ар бир которулуу жана айлануу эркин даражасына, кинетикалык энергия, ал эми ар бир термелүү эркин даражасына энергия туура келет. Ал жакындатылган теорема, ал квант эффектиси орчундуу учурда (термелүү эркин даражасында) бузулат. Бирдей бөлүштүрүү закону жогорку температурадагы көп атомдуу газдардын жана катуу нерселердин жылуулук сыйымдуулуктарынын чектүү маанилерин оӊой баалоого мүмкүндүк берет.