БИПЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 11 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИПЛА́Н (лат. bis – эки жана planum – тегиздик) – кош канаттуу самолёт. Канаттары фюзеляждын (тулкунун) эки жагында биринин үстүнө бири жайгашып, катуу жана бекем, ойкуп-кайкып учууга ылайыктуу болгондуктан, негизинен учкучтарды окуп-үйрөтүү процессинде, чалгындоодо (1930-жылдарга чейин), айыл чарба жумушунда (Ан-2 жана башка), авиация спортунда колдонулган. Кийин анын ордуна чоӊ ылдамдыкта учуучу моноплан пайда болгон, кара: Самолёт.