БИОТИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 11 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТИ́Т (фр. илимпоз Ж. Б. Бионун ысмынан) – слюдалар тобундагы минерал. Химиялык формуласы K(Fе, Mg)3[(Al2Fe)Si3O10](OH, F)2. Моноклин cингониясында кристаллданат. Өӊү кара, кара күрөӊ, кочкул жашыл, коӊур күрөӊ. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3. Салыштырма салмагы 2,7–3,3. Тоо тектерди түзүүчү минерал иретинде ар түрдүү магма жана метаморфизм тоо тектеринин курамында болот. Биотит электр-техникасында жана боёк жасоодо колдонулат, кара: Слюдалар.