БИОТЕХНИКАЛЫК СИСТЕМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:11, 29 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТЕХНИКАЛЫК СИСТЕ́МА – өз ара байланышкан жана бири бирине көз каранды биологиялык жана техникалык системалардын же объектилердин жыйындысы. Мисалы, космос кемесинин борттук биотехникалык системасында ашкана, аба жана сууну калыбына келтирүү (регенерациялоо) блогу, энергия менен камсыздоо түзүлмөсү, жылуулукту жөндөө, таштандыларды минералдаштыруу, кээде космос оранжереясы ж. б. кирет. Бул система узак убакытка учуучу космонавттардын жашоосун камсыз кылат.