БИОПСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 29 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОПСИ́Я (био… жана гр. opsis – көрүнүш) – диагноз коюу максатында микроскоп менен изилдөө үчүн тирүү организмдин кандайдыр бир тканынан же органынан кесип алуу. Биопсия оору процессинин мүнөзүн (сезгенүү же шишик экенин) аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Айрыкча шишиктин коркунучтуу түрлөрүн (рак, саркома) тактоодо мааниси чоӊ.