КОРНЕВА Нина Григорьевна
КОРНЕВА́РНЕВА Нина Григорьевна (1923-жылы туулган, Казакстан, Ак-Төбө облусу, Харьков кыштагы) – айыл чарба илимдеринин доктору (1979), профессор (1980). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгыныны лауреаты (1976). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1944). 1944–63-жылдары ошол эле иститутта ассистент, доцент, агрохимия кафедрасынын башчысы, агрономия факультетинин деканы. 1963-ж. Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин агрохимия бөлүмүнүн башчысы. 1982-жылдан Кыргызстан дыйканчылык илимий өндүрүш бирикмесинин генералдык директорунун илимий иштер боюнча орун басары, бөлүм башчы, илимий кеңешчи. Кыргызстанда жер семирткичтерди колдонуу ыкмаларын иштеп чыккан; 150дөн ашуун илимий эмгектин автору.
Эмг.: Система удобрения культур в севообороте. Ф.,1968; Умелое применение удобрений – залог высоких урожаев. Ф., 1976.