БЕДИЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДИЛЬ Мирза Абд аль-Кадир (1644, Патна, Бенгалия – 1721, Дели) – индиялык жазуучу. Перс тилинде жазган. Медреседе окуган. «Таӊ калыштуу тумар» (1669), «Тури маарифат» (1687–1688), «Мистикалык аӊдоо» (1711–1712), «Эпистолдор», «Кылдат ойлор» сыяктуу чыгармаларын жарыялаган. Бедиль – «сабки хинди» аттуу стилдин өкүлү. Орто Азия, Афганистан жана Иран адабиятында Бедилдин чыгармачылыгы чоӊ роль ойногон.