БАТИСТА-И-САЛЬДИВАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 24 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТИ́СТА-И-САЛЬДИ́ВАР Рубен Фульхенсио (16. 01. 1901, Куба, Банес – 06. 08. 1973, Испания, Гуадальмина) – мамлекеттик ишмер; Кубанын Президенти (1940–1944, 1952–1958). Куба революциясына (1931–1934) катышкан, 1934-жылы президент Херардо Мачадого каршы төӊкөрүштү жетектеген. 1930-жылдардын аягында Кубада күчтүү өкмөт түзүүгө жетишкен, демократияны калыбына келтирип, 1940-жылы президенттик шайлоодо жеӊип чыккан. Акырындап ал өз максаттары үчүн террордук ыкмаларга таяна баштаган. 1944-жылы шайлоодо жеӊилип калат. 1952-жылы кайрадан согуштук төӊкөрүш уюштуруп, бийликке келген соӊ, 1940-жылы кабыл алууга өзү катышкан конституцияны жойгон. Ал АКШ менен ар тараптуу мамилелерди түзүүгө жана өлкөдөгү башталган партизандык согушту токтотууга аракеттенген. Анын диктатордук бийлигине каршы башталган революциянын жүрүшүндө 1958-жылы декабрда бийликтен алынган.