БАТАРЕЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 24 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТАРЕ́Я (фр. batterie, hattre – уруу, согуу) – иш-аракети пайдалуу болсун үчүн бир түрдүү приборлордун, аппараттардын, түзүлмөлөрдүн бир системага бириктирилген түрү. Буга керек электр чыӊалуусун же ток күчүн алуу үчүн удаалаш же жарыш туташтырылган электр аккумуляторлор батареясы; таш көмүрдү кургак буулантуучу бир нече мештер – кокс батареясы; буулануучу муздаткыч агент же муздатуучу суюктук агуучу кырлуу же жылмакай түтүктөн турган муздаткыч батареясы; ток алуу үчүн жарыш же удаалаш туташтырылган электр аккумуляторлор батареясы кирет. Электр-техникада токтун химиялык булактарын, термоэлементтерди же фотоэлементтерди конструкциялык жана электрдик жактан бир батарея кылып туташтырып, айрым элемент бере албай турган чыӊалууну, ток күчүн, сыйымдуулукту, кубаттуулукту алууга болот.