БАЛАНС НАРКЫ
БАЛАНС НАРКЫ – бухгалтериялык баланста негизги фонд менен айланма каражаттардын акчалай бааланышы. Баланс наркы өндүрүштү пландоо, өндүрүлгөн продукцияга кеткен чыгымдын эсебин чыгаруу, амортизациялык фондду пландоо жана ишкананын финансы ишинин жыйынтыгын чыгаруу үчүн колдонулат.