БАЛА БАКЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:34, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛА БАКЧА – мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоочу мекеме. 1 жаштан 6–7 жашка чейинки балдар тарбияланат. Бала бакча төмөн­күдөй топко бөлүнөт: 1–2 жашка чейин – нари­стелердин экинчи тобу; 2–3 жашка чейин – би­ринчи кенже балдар тобу; 3– 4 жашка чейин – экинчи кенже балдар тобу; 4–5 жашка чейин – ортоңку курактагы балдар тобу; 5–6 жашка чейин – жогорку курактагы балдар тобу; 6–7 жашка чейин – мектепке даярдоо тобу. Окуу-тарбия иштери жогоркудай жаш курактарына, жекече жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн програм­манын чегинде жүргүзүлөт. Ар бир топто 20–30га чейин бала болот, ага тарбиячы жана анын жардамчысы бекитилет. Бала бакчаны атайы педагогикалык били­ми бар, тажрыйбалуу педагог жетектейт. Окуу­-тарбия иши КР билим берүү министрлиги та­рабынан бекитилген мамлекеттик жана альтернативалык программалык документтер боюнча мамлекеттик, расмий тилде ж. б. улуттар басымдуу жайгашкан чөйрөдөгү ата-энелердин каалоосу боюнча тандалып алынган тилде жүргүзүлөт. Бала бакчалардын педагог, врачтары режимдик талаптардын так аткарылышына, балдардын ден соолугуна жана алардын дене-бой жагынан өнүгүшүнө көзөмөл жүргүзүшөт. Дидактикалык-өркүндөтүүчү жана кыймылдуу оюндарга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Ал эми атайы уюштурулган сабактарда балдардын көңүлү эне тилине, эсептөөгө, сүрөт жана конст­рукциялоого, ырдоо-бийлөөгө, айлана-чөйрө менен тааныштырууга бурулат. Эмгекке тарбиялоо бал­дардын өзүн-өзү тейлөөгө, жаратылыш бурчун­да, бакчанын короосунда өсүмдүктөргө жана жа­ныбарларга кам көрүү милдеттерин аткаруу ар­кылуу жүргүзүлөт. Ата-энелер, коомчулук Бала бакчада окуу-тарбия ишин уюштурууга, анын алдыңкы идеяларын эл арасында жайылтууга көмөк көрсөтүшөт. Ата-энелердин суроо-талаптарын аткаруу жана балдардын ден соолугуна кам көрүү, аларды колдоо максатында жер-жерлерде күнү-­түнү иштөөчү, ден соолугу начар (мисалы, сокур, дү­лөй) балдар үчүн санаторийлик типтеги Бала бакча уюш­турулат. Коомдогу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө бай­ланыштуу бюджеттик Бала бакчалар менен бирге азыркы күндө альтернативалуу: үй-бүлөлүк Бала бакча , «Энелер мектеби», «Кошумча билим, тарбия кызматын көрсөтүүчү борборлор» ж. б. уюштурулууда.