БАЛ АЧУУ
БАЛ АЧУУ, д а л ы а ч у у – койдун далысын, ташты, күзгү ж. б. пайдаланып, боло турган окуяны алдын ала көрө билүү ишеними. Тарыхый-этнографиялык маалыматтарга караганда кара кытайлар (кидандар) жортуулга жөнөрдө ак койдун далысын отко күйгүзгөн. Эгер далы жарылып кетсе жортуулга чыккан, жарылбаса чыккан эмес. Мындай ырым-жырым «Манас» эпосунда да кездешет. Анда кыргыздар далыны жөн эле карап көрүп, алдыда күтүп турган окуяларды билишкен делет. Бал ачуу ырым-жырымы чыгыш элдеринде (түрк, монгол, кытай жана калмак) кеңири таралган жана бөтөнчө өркүндөөгө, магия деңгээлине жеткен. Бүгүнкү күндө да кыргыздарда Бал ачуунун бир түрү – 41 таш менен төлгө салуу ырымы сакталып калган.