БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ
БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ, б и о л о г и я л ы к к у р а л – адамдарды, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү массалык түрдө дартка чалдыктыруу же өлтүрүү максатында микроорганизмдердин оору козгоочу касиетине негизделген биологиялык каражат. Бактериялык куралдын негизги жабыркатуучулары – бактерия, вирус, рикетсия, козу карындар жана алардын тиричилигинен пайда болгон уулар – токсиндер. Алар согуштук максатта колдонулуп, курт-кумурска, кемирүүчү, кене жана башкалардын, жардамы менен, ошондой эле суспензия, күкүм түрүндө таратылат. Бактериялык каражаттарды таратууда атайын ракета, артиллериялык снаряд, авиациялык бомба ж. б. да пайдаланылат. Аз күч жана каражат жумшап, өтө чоң аянтты жабыркатууга болот. Ал организмге өтө аз өлчөмдө киргенде эле жабыркатат (оорутат). Айрым оору козгогучтардан пайда болгон жугуштуу оорулар, белгилүү шартта оорунун бир очогунан башка жерге тарап, көптөгөн адамга жугат (эпидемия). 1925-жылы Женева протоколу жана 1972-жылы БУУ конвенциясы менен Бактериялык куралды колдонууга тыюу салынган. Бактериялык куралды колдонуу адамзатка каршы эң чоң кылмыш болуп эсептелет. Ал жалпы кабыл алынган эл аралык укукту орой бузгандыкка жатат. Бактериялык куралды колдонуу коркунучу аскерлерди жана элди коргоо боюнча натыйжалуу чараларды даярдоону талап кылат. Аларга эпидемияга каршы санитария-гигиеналык жана дарылоо чаралары, элди жана армияны инфекциядан сактануу чаралары менен тааныштыруу (эмдөө, шашылыш алдын алуу, маска тагынуу), элди атайын жабдылган жабык жерлер менен камсыздоо, тамак-ашты, сууну, өсүмдүк жана жаныбарларды коргоо кирет.