БАКЕ МАРМАР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКЕ МАРМАР КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 14 км түндүктө, Чүй дарыясынын оң өйүзүндө, Кара-Тоо тоосунун түндүк-батыш капталында. Кен 1928-жылы табылып, 1957-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн. Мрмор катмары таш көмүр мезгилинде пайда болгон чөкмө тек­тердин арасында түндүк-чыгышка карай созулуп жатат. Калыңдыгы 23–50 м, узундугу 500–800 м. Өңү ак, боз, жол-жол темгилдүү. Майда кристал­лдуу, өтө жаракалуу, монолиттердин өлчөмү 0,006–0,01 м3. Жакшы сайкалданат. Мармар кү­күм түрүндө колдонулат. Жалпы запасы С1 жана С2 категориялары боюнча 3987 миң м3. Дубал­дарды каптоого, белек буюм жасоого жа­рактуу.