БАЙДУЛУ ТООСУ
БАЙДУЛУ ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Капкаташ тоосуна уланып, Кумбел ашуусунан батышты карай Карүңкүр (Оттук суусу) капчыгайына чейин созулуп жатат. Кара-Кужур, Солтон-Сары өрөөндөрүн Оттук, Он-Арча өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Узундугу 56 км, туурасы 11 км, Оттук кыштагы тушта 30 км ге чейин. Орточо бийиктиги 3790 м, эң бийик жери 4167 м (Он-Арча чокусу). Ортоңку бөлүгүн Солтон-Сары өрөөнү кесип өтөт. Батыш жагы жапыз, аскалуу. Түндүк капталы кыска, тик, түштүгү (Оттук өрөөнүнө караган бети) узун, жантайыңкы. Этеги адырлуу. Өрөөн, кокту-колоттуу. Бийигирээк чыгыш бөлүгүндө тоонун тескей тарабы тескерисинче жантайыңкы, күнгөйү тик. Жондорунда жана капталдарында тегиз, тайпак жерлер бар. Байыркы муз каптоолордун издери байкалат. Негизинен девон менен карбондун чаар жана кызгылт кумдук, конгломерат, сланец, мергель, алевролит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Аларды жогорку карбондун гранит-диорит, гранит-сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоонун тектоникалык ички структурасы – анын кыры менен жарыш багытта жайгашкан Байдулу синклиналы. Ал түндүгүнөн Акташ, түштүгүнөн Түштүк Соң-Көл–Көкташ тектоникалык терең жаракалары менен чектелген. Түндүк капталдарына түркүн чөп-доңуз сырттуу субальп (2800-3100 м бийиктикте), альп шалбаасы (3200 м ден жогору), күнгөй беттерине бетегелүү талаа, түркүн чөп-бетегелүү шалбаалуу талаа (2500-3200 м), бетеге-доңуз сырттуу субальп (3200-3500 м), альп шалбаалуу талаа (3500 м ден жогору), 3800 м ден өйдө бийик кырларга нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Тоонун күнгөй тарабындагы терең кууш өрөөндөрдү жана Он-Арчага караган беттеринде суйдаң карагай токойлору, бадалдуу жерлер бар. Жайлоо, күнгөй бетиндеги ыктоо жерлери кыштоо катары пайдаланылат.