БАЙДУЛУ ТЕМИР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙДУЛУ ТЕМИР КЕНИ Нарын районунда, Нарын шаарынан 65 км түндүк тарапта, Байдулу тоосу­нун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 3600-3900 м бийиктикте. 1931-жылы табылып, 1950-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында палеозойдун чөкмө тектери жана татаал түзүлүштөгү габбро, перидотит дайкалары жатат. Кенташ (руда) тулкусу тектоникалык жаракалар менен тилмеленген дайкалар жана акиташ теги­нин кошулган жериндеги карбонат-серпентин­дүү брекчияда топтолгон. Кен тилкесинин узундугу 12 км ге чейин. Негизги минералдары: магнетит жана гематит, аз санда пирит, халькопирит, борнит кездешет. Темирдин кондициялык өлчөмү 30,48-53,48%. Запасы 210,7 млн т.