БАЙДАРКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙДАРКА – суу спорту менен туризминде кол­донулуучу ичке, жеңил кайык. Анын калагы кырына бекибейт, үстү люктуу палуба менен жа­былган, эки айчыктуу калак менен айдалып, бут менен башкарылуучу руль менен бурулат. Байдарка спорт­тук, туристтик жана парустуу болуп бөлүнөт. С п о р т т у к байдарка – палубасы жабык, 1, 2, 4 орундуу оюкчалары (кокпити) бар, эки айчыктуу калак менен айдалуучу кайык. Спорттук байдарка жука фанерадан жасалып, салмагы 30 кг га жетет, тол­кунсуз тынч сууда жарышуу үчүн колдонулат. Т у р и с т т и к байдарканын тулку бүтүндүй же бүктөлмө түрүндө болуп, жыгач, темир жана пластмассадан жасалып, суу өткөрбөөчү материал менен капталат. Туристтик байдарка спорттукка караганда салмактуу ( 27-50 кг), эндүү, сыйымдуу, жүк көтөрүмдүү. Байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Эл аралык союзу түзүлгөн (1924). Спорттун бул түрү 1936- жылдан Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген, 1938-жылдан ар бир 4 жылда, ал эми 1971-жылдан дүйнөлүк жана Европанын чемпионаты жылыга өткөрүлөт. П а р у с т у у байдарка калак менен айдалуучу түрүнөн парусу жана тез сүзүшү менен айырмаланат. Байдарканын парустуу түрү боюнча да спорттук мелдеш өткөрүлөт.