БАЙДАМТАЛ ЗАКАЗНИГИ
БАЙДАМТАЛ ЗАКАЗНИГИ – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы ботаникалык корук аймак. Боом капчыгайында, Чүй дарыясынын боюнан (Көк-Мойнок кыштагынан Байдамтал суусуна чейин) орун алган. Аянты 20 га. Сейрек учуроочу жана реликт чөп өсүмдүктөрү – шобер жана сибирь боз коңорчогун коргоо жана көбөйтүү максатында уюшулган.