БАЙГАБЫЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:28, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙГАБЫЛ – акын. Ушул күнгө чейин даре­ги белгисиз болуп, эл кыялынын туундусу катарында бааланып келген. Ошол себептүү «Чата кыз менен Байгабылдын айтышынын» бир түрү элдик адат-салт айтышынын үлгүсү катары жыйнакка кирген. Кийинки табылган маалы­мат боюнча анын Талас өрөөнүнөн чыккан реалдуу акын экендиги, уруусу кытай, кийин солтолор­го качып келип, Осоке бийге ырчы болуп жүр­гөндүгү аныкталган. 1858-жылы таластык Сартбай акын менен айтышып жеңилет. Экөө беттешкен учурда Сартбай 19 жашта (ал 1839-жылы туулган), Байгабыл 40–45 жаш куракта болот. Демек, Байгабыл болжол менен 1818–1820-жылдарда төрөлгөн. Бирок турагы, качан өлгөндүгү, атасынын аты белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда табышмактуу айтыштын устаты болуп, бир ашта Көкшалкы байдын Чата кызын жеңип кетет. Айтыш көлөмдүү, анда каршысынын табышмагын жан­дырууда Байгабылдын акындык дараметинин күчтүүлүгү байкалат. Айтыштын варианттары эл арасына кеңири тараган.