БАЗИЛИКА
БАЗИЛИКА (грекче Ьазіlікḗ – падыша үйү) – ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгайлуу болгон; ортоңку неф (эреже катары капталдагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты – нартекс жайгашкан. Эң алгачкы базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дининин бекемделиши менен базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида – чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.

