БАЗИДИОМИЦЕТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗИДИОМИЦЕТТЕР, б а з и д и я л у у к о з у к а р ы н д а р (Ваsidiomycetes) – козу карын­дар классы. Булар көп клеткалуу, мицелийлүү, жогорку түзүлүштүү козу карындар, 30 миңден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол менен пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү – базидияда жайгашат. Базидия эки яд­ролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталып, аскомицеттердин баштыгынын пайда болушуна окшойт. Базидия дикариоттук гифтин клеткасын бөлүп турган тосмонун капталындагы өсүндүдөн жетилет; дикариондун кош ядросу бөлүнүп, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын эне­лик клеткасында калыптанат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу менен бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр – стеригма­лар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар менен бирге жакын аралыкка тарайт. Алар бор­поң, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө жана калпакчалар түрүндө болот. Дене­нин спора кармаган бөлүгү гимений деп ата­лат. Алар кеңири таралган. Көбү өсүмдүк мите­си, айрымдары жыгачты бузат, өсүмдүк илдетин коз­гойт; кээ биринен антибиотик алынат.