БАЗАРТУРУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:21, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАР-ТУРУК – Нарын облусунун Жумгал районун­дагы кыштак. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2470 м бийиктикте жайгашкан. Район­дун борбору Чаек кыштагынан 45 км чыгыш тарап­та. Балыкчы теми ржол бекетинен 135 км. Калкы 1101 (2022); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар.