БАЗАРКУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРКУЛОВ Мукаш (05. 06. 1935-жылы туулган, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Саз айылы) – педагог, КРдин эл мугалими (2005). Мугалимдердин эки жылдык институтун (1955), КМУнун филология факультетин (1962), Алматыдагы жогорку партиялык мектепти (1974) бүтүргөн. 1955–57-жылдарда Ак-Талаа районун­дагы «Жаңы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектепте­ринде мугалим болуп иш­теген. 1965-жылга чейин Тогуз-Торо районундагы орто мектеп­те мугалим, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн баш­чысы, Кыргызстан Компартия­сынын Ак-Талаа райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн баш­чысы (1965–1968), 1970-жылы Кыргызстан КП БКнын инспектору, 1971-

1979-жылдарда партиянын Талас райкомунун экинчи жана биринчи секретары, 1979–1991-жылдарда билим берүү министри болгон. 1991-жылдан Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгек­тенет. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени (1973) жана медалдар менен сыйланган.