БАЗАР-КОРГОН СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:54, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАР-КОРГОН СУУ САКТАГЫЧЫ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кайырма кыштагына жакын жерде 1961-жылы курулган. Кара-Үңкүр суусу куят. Аянты 2,67 км, сыйымдуулугу 22,5 млн м3, анын 20,08 млн м3 суусу сугатка пайда­ланылат. Плотинанын бийиктиги 25 м, узундугу 2400 м. Суу чыгымы орто эсеп менен 7 м3/сек. Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун жана Өзбекстандын айрым райондорунун 18 миң га жерин суу менен камсыз кылат. Суу сактагычка суу куйган каналдын узундугу 11,1 км (суу чыгымы 0,8 м3/сек) жана суу сакта­гычтан суу агып чыккан каналдын узундугу 6,9 км дей (суу чыгымы 6,9 м3/сек).