КАДЫРОВ Абдуллаат Саматович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:02, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРОВ  Абдуллаат Саматович / 1956-жылы туулган, Ош (азыркы Баткен)  облусу, Лейлек району, Катраӊ айылы/ – медицина илимдеринин доктору (2009). КММИни бүтүргөн (1980). Эмгек жолун Жалал-Абад шаардык ооруканада врач-интерн болуп баштаган. Лейлек райондук борбордук   ооруканада врач-хирург, Кулунду  аймактык бөлүмүндө  башкы врачтын  орун басары; Кыргызстан туберкулез ИИИде кенже илимий кызматкер, бөлүм башчы; Кыргызстан экология жана жугуштуу ооруларды алдын алуу  ИИИде кенже илимий кызматкер; Республикалык  туберкулезго каршы диспансердин   өпкө-хирургия  бөлүмүндө хирург;  И. К. Ахунбаев атындагы КММИде  кафедра   башчысы, доцент;  КР Саламаттык сактоо министрлигинин УХБда   кафедра башчысы,  башкы врач; генералдык директордун милдетин аткаруучу, директору. КРдин Ардак грамотасы  менен сыйланган. Бардыгы  81 илимий  эмгектери, анын ичинде 1 монография, 4 методикалык көрсөтмөлөр, 4 рационализатордук  сунуштары жарык көргөн. Эмг.:  Хирургическое лечение доброкачественной  гиперплазии предстательной железы у больных туберкулезом: монография.–Б.,  2007.– 143 с.