КАДЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:54, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЕНЦИЯ, каданс (италянча cadanta – түшүү, бүтүү) – 1. Музыкалык чыгарманы же анын бөлүгүнүн түзүлүшүн аяктаган гармониялуу же обондуу кайрык. Каденциянын негизин аспаптык концерттин жеке аткарылган жана кандайдыр музыкалык чыгарманын ичине кирген кубултмалуу мүнөздөгү эркин төкмөчүлүк түзөт. Адегенде каденция кубулта ойноочулардын чыгармаларына кошумча катары киргизилсе, Бетховенден баштап композиторлор өз чыгармаларында каденциянын так өзүн берген. Каденция фортепьяно, скрипка жана башка аспаптар үчүн жазылган чыгармаларда жолугат.