ИУДЕЙ ПАДЫШАЛЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИУДЕЙ ПАДЫШАЛЫГЫ , И у д е я, Й е г у д а (евр.) – Түштүк Палестинадагы байыркы мамлекет. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын 1-жарымына таандык. Еврейлердин Иуддар уруусунан улам Иудей деп аталган. Биздин заманга чейин 2-миң жылдыктын аягында Иуддар уруусу Палестинанын аймагына көчүп келип отурукташкан. Биздин заманга чейин 10-кылымдын аягында Давид жана Соломон башкарган бирдиктүү еврей падышалыгы кулагандан кийин  Иудей падышалыгы (борбору Иерусалим) түзүлгөн. Биздин заманга чейин 586-жылы Жаңы Вавилон мамлекети тарабынан Иерусалим храмы жана Иерусалим шаары (башка хронология боюнча 587-жылы) талкаланган. Иудей падышалыгы жөнүндө алгачкы эскерүү 9-кылымдын аягында Тель-Дандан табылган. Иудей падышалыгынын гүлдөгөн мезгили Езекия падышанын мезгилине (болжол менен 727–698) туура келет. Биздин заманга чейин 6-кылымдын аягында Вавилон падышасы Навуходоносора II Иерусалимди тартып алып, калктын күчү менен Вавилонияга көчүргөн.