ЗАНЗИБАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Тарыхый облус, Занзибар а-ндагы султанат. 8-кылымдан Занзибар деңиз соодасына катышып, жергиликтүү калктын – бантулардын исламдашуусуна салым кошкон. 9-кылымдан кул соодасынын ири борбору катары белгилүү болгон. 1503-жылдан Португалия башкарган, 1698-жылы Оман султандыгынын курамына кирген. 1861-жылы көз карандысыз султанатка айланган. 1906-жылдан Британиянын Башкы консулу башкарган, 1913-жылдан британдык резидент. 1897-жылы З-да кулчулук жоюлган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин З-да көз карандысыздык үчүн кыймыл башталган. Арабдардын кызыкчылыгын коргогон З. улутчул партиясы жана Африка калкына султандыктын башын бириктирген Афро-ширази партиясы ж. б. саясий уюмдар пайда болгон. 1963-жылы 10-декабрда З. Британиянын Улуттук шериктештигинин курамында эгемендик алган (кара: Шериктештик). 1964-жылы январда Занзибардагы африкалык калктын иш-аракеттеринин натыйжасында Араб султандыгы жоюлуп, республика жарыяланган. 1964-жылы апрелде Танганьика менен Занзибар федерациясы, кийин Танганьика жана Занзибар Бириккен республикасы, 1964-жылы октябрда Бириккен Танзания республикасы деп аталган. 930