ЖУМАНАЗАРОВА Мээрим Рахмадиловна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАНАЗАРОВА  Мээрим   Рахмадиловна (09. 11. 1999-жылы туулган,  Талас облусу, Бакай-Ата району,  Оро айылы)   – спортчу  (эркин күрөш). Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 2014–2016-жылы  Кыргызстан Эл аралык университетинин  колледжинде билим алган.  2017-жылдан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын  (КМДТА)  студенти. 2014-жылы  Бангкокто өткөн  Азия чемпионатында коло медаль,  2015-жылы  Азия чемпионатында  (Индияда) коло медаль, Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде  коло медаль  (2016),  2017-жылы Азия чемпионатында  (Бангкок)  алтын медалга ээ болгон.  2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында, ошол эле жылы Түркмөнстанда (Ашхабад) өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында   (экөөндө тен) коло медалга  жетишкен. 2021-жылы Токиодо өткөн ХХХ1   жайкы олимпиадада     коло медалга,  2022-жылы Азия чемпионатында   (Улан-Батор шаарында)    күмүш медалга    ээ болгон.