БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:29, 13 Апрель (Чын куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович [02. 01. 1952, СССР, Кыргыз ССРи, Чүй облусу, Кызыл-Аскер (азыркы Аламүдүн) району, Чоң-Арык айылы] – милициянын генерал-лейтенанты (2010). 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи. Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин (1977), СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жогорку курсун (1979), СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Кызыл Туулуу институтунун Ташкенттеги филиалын (1983), Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридикалык факультетин (1998), И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин экономика факультетин (2000) бүткөн. 1977–1978-жылдары Фрунзе шаарындагы № 64 орто мектебинде тарых сабагынын мугалими, 1978–1992-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын органдарында кызматкер, 1983–1984-жылдары Афганстандагы терроризмге жана жер астындагы бандиттик түзүлүштөргө каршы күрөшүү боюнча СССР Мамлекеттик маалымат кызматы башкармалыгынын башчысынын кеңешчиси, 1989–1991-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын биринчи Башкы башкармалыгынын (тышкы чалгындоо) борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1991–1992-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын жардамчысы, чалгындоо бөлүмүнүн башчысы, 1992–1994-жылдары жеке ишкер, 1995–2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1-, 2-, 3-чакырылыштарынын), 2004–2005-жылдары КР Жогорку Кеңешинде вице-спикер, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, ошол эле учурда Жалал-Абад жана Сузак райондорунун, Ош облусунун коменданты, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, 2010–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурору болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш (1997), Жазык-процесстик (1999) жана Жазык-аткаруу (1999) кодекстеринин башкы иштеп чыгуучусу жана авторлорунун бири. Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү (2005). "Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин жетекчиси (2005). "Реформа үчүн!" оппозиция кыймылынын штабынын мүчөсү (2006).