АНГКОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:05, 10 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГКОР – (кийин Ангкор – Тхом кхмерче – «Улуу шаар» дегенди билдирет) – Сием-Реап шаарынын (Кампучия) жанындагы храмдардын, сарайлардын, суу сактагычтардын жана каналдардын зор комплекси. IX–XIII кылымдарда курулган. Яшодхарапура (IX кылымдын аягында негизделген) менен Ангкор-Тхом (XII кылымдын аягы) храмы, шаар урандылары, жыгач сарайлардын таш пайдубалы, тепкичтүү пирамида түрүндөгү «тоо-храмдары», анын ичинде скульптуралык жактан бай жасалгаланган ири Ангкор-Ват храмы (1113–1150-жылдар чени) бар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.