АНГЕЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 10 апрель 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГЕЛДЕР – Византия императорлорунун династиясы (1185–1204). Негиз салуучусу Исаак II (1185–1195). Ангелдер бийликке Андроник I Комнинди тактан кулаткандан кийин келишкен. Алардын башкаруусу Византия империясындагы ички жана тышкы абал оор болуп турган мезгилге туш келип, мамлекеттин курамындагы провинцияларда сепаратисттик кыймылдар күч алган. Ангелдердин акыркы башкаруучуларынын Константинополь шаарынын калкы жек көргөн кресттүүлөрдү колдоосу династиянын кулашына алып келген. 1204–1318-жылдарда Ангелдер Эпир падышачылыгынын башкаруучу династиясы болуп калган.